• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбек Кулубаев Тажикстан президенти менен жолукту

5 Бирдин айы 2024 12:13 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 5-февралында Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуу учурунда Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан салам жолдоп, Тажикстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун регионалдык жана эл аралык уюмдарынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Количество просмотров: 65