• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: 7 пайыздык босого чек биз басып өткөн жол

20 Бирдин айы 2020 10:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезектеги жалпы жыйынына катышып, анда мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолду. Анда алдыдагы парламенттик шайлоодогу босого чек тууралуу сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду:

“9% пайыздык босого чек бизде жакшы сөз бар эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт. Ошондуктан партияларды элдештирүү .7 пайыздык босого чек биз басып өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат. Бүгүнкү күндө шайлоодогу босого чекти түшүрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин депутаттары буга байланыштуу туура чечим кабыл алат деген ишеничтемин. Шайлоодон кийин өлкөнүн келечегин унутпайлы. Өздөрүнүн кызыкчылыгын жалпы коомго таңуулагандар дагы жок эмес, дагы бир жолу эскертип айткым келет баардык маселе укуктук таалаада гана чечилет”, — деп билдирди мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 209