• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбеков бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

20 Үчтүн айы 20209:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 20-январда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу өккө башчынын расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин  өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери  үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

Иш-чарадан түз эфир Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынан берилет.

Количество просмотров: 164