• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков: Бекназаровго ишенем…

25 Бештин айы 2019 13:24 Бишкек Govori.TV

Акыркы учурда бийликке сын айткан адамдар эле кызматка дайындалып жатат, муну жөн гана ооз басуунун аракетиби же чыен эле ошол адамдар, туура реформа кылат деп ишенесизби? Мындай суроо бүгүн Президенттин маалымат жыйынында суроо узатылды.

Ага Сооронбай Жээнбеков жооп берип, ким жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүм деп, акыркы элчи кызматына дайындалган саясатчы Азимбек Бекназаровду айтып өттү.

Ал элге жагабы, жакпайбы өз пикирлерин айтат. Элдин түйшүгүн алар да көтөрдү. Мисалы Топчубек Тургуналиев «Манас» академиясын түзүү ниети экөөбүздүкү чоогу чыкты. Ал эми Турсунбай Акун ал өз оюн ачык айткан, өзүнө батпай турган адам. Бекназаровго чыныда мен өзүм сунуштагам. Тааныйым билем. Иштеп пайда келтир дедим. Башында ойлоноюн деп, анан макул болду. ТИМдин деле күнөөсү жок, менин сунушум болду. Жакшы иштерди аткарат, жана жакшы иштеп берет деп ишенем», — деди Жээнбеков.

Муну менен бирге Президент өз ишинде жетишкендиктерге жетишкен бир катар жетекчилерди да атап өттү.

Негизи менде эч качан бөлүп жаруу маселеси болгон эмес. Баарына бирдей мамиле кылам», — деп кошумчалады Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Количество просмотров: 186