• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков: Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти

24 Бештин айы 2019 11:24 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, залкар кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду. 

Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун кереметин түзгөн өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Анын режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды. Болот Шамшиев „Манас“ эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды. Биринчи тарткан илимий-популярдуу тасмасы Манас темасына арналды. Бул фильм Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыган. Ал эми 1995-жылы „Манас“ эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленгенде масштабдуу чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон. Болот агабыз Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келгенин, Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачканын, Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдыздарына айландырган, — деп айтылат куттуктоодо.

Кошумчалай кетсек, белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) жарык дүйнөгө келген.

Количество просмотров: 56