Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоочулар менен иштиктүү жолугушууларды каалап, алдыда аларды чоң иштер күтүп турганын айтты.
Бүгүн президент парламентке барып, жаңы дайындалган министрлердин ант берүүсүнө катышты.
— Алдыда шайлоочулар менен жолугушууларыңар болот. Андан кийин бир ай эс аласыздар. Шайлоочулар менен жолугушууларыңар иштиктүү болсун. Жакшы эс алып, кайра келиңиздер. Сиздерди дагы абдан чоң иштер күтүп турат, — деди Жээнбеков.
Ошону менен катар президент парламентке Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө жана Монголия менен Индиянын жетекчилеринин сапарларын уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.