• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024
????????????????????????????????????

Жээнбеков илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктоо зарылдыгын айтты

27 Теке 2020 18:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов адистер тарабынан эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен дарылоонун жаңы протоколу иштелип чыгып жатканын билдирди. Ошондой эле жергиликтүү медиктерге жандандыруу иш-чараларын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын окутуп жаткан россиялык адистер илдеттин күчөп кетишине каршы күрөшүүдө чоң жардам берип жатышат.

Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография жабдуусун орнотуу иштери жүрүп жатат, азыркы учурда мындай жабдуулар Бишкек менен Ош шаарында гана бар.

Ошону менен бирге Кубатбек Боронов күз-кыш мезгилине даярдыктардын жүрүшү, калкты дары-дармек менен камсыздоо, медицина кызматкерлеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана башка маселелер боюнча маалымат берди.

Кубатбек Боронов күндүзгү стационарларга барып, Ош шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышкан Ош облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ал жаңы ооруканаларды кыска убакыттын ичинде бүткөрүүгө бардык күч-аракеттер жумашаларын кошумчалады.

Премьер-министр Ош облусунда коронавирус инфекциясын жаңы жуктуруп алгандардын жана күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратканы байкалганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктоо, кырдаалдын өнүгүшүн божомолдоо, тиешелүү чараларды көрүү боюнча терең талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы медиктерди коргоочу каражаттар, жабдуулар жана тамак-аш менен камсыз кылуудагы кемчиликтерди токтоосуз түрдө четтетүүгө көңүл бурду.

Кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө өз маалында кенемте төлөөнүн, ошондой эле эл аралык гуманитардык жардамдарды аймактар боюнча тегиз бөлүштүрүүнүн, маалыматтарды санарип форматка өткөрүүнүн, аймактарды зарыл дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи.

«Аймактардагы дарыканаларды медикаменттер менен камсыздап, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) базасында алардын зарыл корун түзүү керек. Өкмөт бул багытта тийиштүү иштерди жүргүзүшү зарыл», — деп баса белгиледи Президент.

Ошондой эле аймактардагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан сырткары, ал коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында жаңы окуу жылына даярдык көрүү процессине өзгөчө көңүлүн буруп, Өкмөткө авариялык абалдагы мектептердин оңдолуп-түзөлүүсүн ар дайым көзөмөлдөп турууну сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле бюджеттик каражаттарды биринчи кезектеги долбоорлорго — эски ооруканаларды жана авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, райондук борборлордогу жолдорду курууга багыттоонун маанисин белгиледи.

Ирригациялык тутумдарды куруу жана калыбына келтирүү, санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, Патрулдук милицияны реформалоо ж. б. долбоорлорду улантуу зарылдыгын эске салды.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен апта сайын өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча онлайн-кеңешме өткөрүүдө.

Количество просмотров: 269