• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

16 Бугу 20199:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.

17-майда мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, «Акылдуу шаар» жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.


Количество просмотров: 13