• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков каржы министри менен онлайн-кеңешме өткөрдү

7 Баш оона 2020 18:24 Бишкек Govori.TV

 Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта, Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жеенбаева менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Республикалык бюджеттин аткарылышынын азыркы абалы талкууланды. Ошондой эле медицина кызматкерлерине төлөмдөр, улуттук долбоорлор менен социалдык программаларды каржылоо, ошондой эле мектептер менен ооруканаларды реконструкциялоого каражат бөлүү маселелери тууралуу сөз болду.

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева 7 айдын ичинде республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип, бюджет тартыштыгын жаба ала турган кошумча резервдерди издеп табуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттин чоң тартыштыгына карабастан, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация түйүндөрүн куруу жана реабилитациялоо боюнча программа сыяктуу мурда башталган улуттук долбоорлор үзгүлтүккө учурабашы керектигин белгиледи. Түзүлгөн кырдаалда бюджетте иштегендерди мамлекет тарабынан колдоонун маанисине токтолду.

«Дарыгерлердин эмгек акылары жана кошумча төлөмдөрү мыйзам алкагында өз убагында берилиши керек», — деп баса белгиледи Президент.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков пандемиялык кырдаалдан улам токтоп калган мамлекеттик ипотекалык программаларды каржылоону улантуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы авариялык абалдагы мектептер менен ооруканаларды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча иштерди пландык каржылоонун маанисин баса белгиледи.

«План боюнча ремонттоло турган авариялык мектептерди каржылоо маселесин жеке көзөмөлүңүзгө алсаңыз. Ремонт кандай болгон күндө дагы токтобошу керек», — деп өзгөчө баса белгиледи Президент каржы министри Бактыгүл Жеенбаевага кайрылып.

Ошол эле маалда аймактардагы ооруканалардын ремонтуна каражат өз маалында бөлүнүшү керектигин белгиледи.

«Мен аймактарды кыдырып чыктым. Көптөгөн ооруканалар ар кандай жалган реформалардан улам жабылып, койко-орундардын саны кыскарып кеткен, жыйынтыгында медицина мекемелеринин имараттары абдан эскирген. Азыр аларда капиталдык ремонт башталды, аларды кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү жана кышка чейин имараттарды пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди. Каржылоодо маселе жаралбашы керек», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 100