• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

19 Бугу 201912:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.05.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды бүгүн белгиленип жаткан Энелер күнү менен куттуктады.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы бул майрам баарыбызга кымбат экенин айтып, дүйнөдө энеден өткөн ыйык түшүнүк жоктугун белгиледи.

«Баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүңүздөр» деди Сооронбай Жээнбеков.

Энелер күнүн утурлай 18-майда президент «Эне даңкы» медалы менен 470 жана «Баатыр эне» ордени менен 1135 энени сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. 

Количество просмотров: 14