• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Жээнбеков: Мен суранам Атамбаевди сындыртпагыла, каматпагыла…

3 Теке 2019 17:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

«Эгерде бийлик Атамбаевди күч колдонуп камоого, сындырууга аракет кылса буга каршы туралы, каматпагыла, сындыртпагыла». Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 3-июлда «Форум» имаратынын алдында КСДП тарабынан уюштурулуп жаткан тынчтык митингде сүйлөп жатып айтты.

«Азыркы учурда бийликке күчтүү оппозиция болуп жаткан жалгыз мурунку президент Атамбаев. Мен дагы күчтүү оппоция болгум келет, бирок колумдан келбей жатат. А биз оппозиция катарында баардыгыбыз биригип бийликке каршылык көрсөткөндү, аны сындаганды жана туура эмес нерсесин айтканды үйрөнүшүбүз керек. Бийлик ушундай күчтүү оппозия менен КГБнын арты менен эмес, соттордун, прокурорлордун арты менен эмес трибуна менен, ММКга чыгып кимдин идеясы күчтүү болсо, ким коомго таянса ошолор ута тургандай жолду тандап иштөөсү керек. Биз Атамбаевди басмырлабастан, ага күчтүү оппозиция болгонго шар түзүшүбүз керек»,-деди Жээнбеков.

Эске салсак, бүгүн Атамбаевдин тарапташтары тынчтык митинг уюштуруп, ага мурунку президент Атамбаев баштаган КСДПнын өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана башка саясатчылар катышууда.

Количество просмотров: 32