• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

31 Баш оона 2020 17:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде эки өлкөнүн кызыкчылыгы тең эске алынган эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташуу маселелерин да талкуулашты.

Эки өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргызстан жана Россия Эриш-аркак жылынын бириктирилген программасынын алкагындагы иш-чараларды улантуунун маанилүүлүгү айтылды.

Мындан сырткары, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жана шериктештиктин негизинде өнүгүп жаткандыгын баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардамы, ошондой эле Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда медициналык адистер тобунун өз убагында жиберилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Путин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоосун жолдогон болчу.

Количество просмотров: 205