• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбеков мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

23 Бугу 2020 18:29 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирет.

Жээнбеков өз куттуктоосунда баардык момун мусулмандарды Орозо Айт майрамыӊы менен куттуктап, бекем ыйман, улуттар арасындагы сый-урматты, биримдикти каалаган.

«Урматтуу мекендештерим! Быйылкы Орозо күндөрүн азыркы мезгилдеги дүйнөлүк апааттан — коронавирус илдетинен сактануу шарттарында өткөрдүк. Элибиздин ден-соолугун, өмүрүн сактоо үчүн илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартипти кармадык. Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген, мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем» , — деди Президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы, дүйнөдөгү абал кайсы күнү болбосун өзгөрүп кетиши толук ыктымал экендигин айтып, мындан ары да калк саламаттыгынын коопсуздугу үчүн илдеттен коргонуу чараларын күчөтүлгөн режимде улантуу керектигин белгиледи.

«Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет. Ошондуктан, сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам. Медициналык талаптарды бузбай, жеке тартипти сактоону күнүмдүк адатка айлантууга тийишпиз. Ошондо гана илдетти жеңебиз. Жараткан Кудайым Өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!» , — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Количество просмотров: 130