• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Эмне деген акмакчылык?». Жээнбеков Башкы прокуратуранын ишин сындады

24 Үчтүн айы 2020 13:13 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептейт.

Мындай пикирин мамлекет башчысы 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып айтты:

Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Алмаматовду издөө уланып жатканын буга чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлаган.

Ал Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрындагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу.

Алмаматовду камакка алыш үчүн жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес.

Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааны каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган

Количество просмотров: 535