• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков парламенттин жыйынында Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуштады

14 Тогуздун айы 2020 9:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канат Исаевге кат аркылуу кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров сунуш кылган программаны бекитүү, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери мыйзам сакталбай калгандыгына байланыштуу Президенттин Аппараты тарабынан парламентке кайтарылып берилгени айтылат.

Мамлекет башчысы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуштайт.

Количество просмотров: 331