• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков премьер-министрди жана өкмөттү отставкага кетирди

9 Тогуздун айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнүн жана Премьер-министрдин кызматтан кетүүсү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дагы кызматтан кетти деп эсептелет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Количество просмотров: 844