• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков санариптешүүнүн жүрүшү менен таанышты

11 Баш оона 2020 20:00 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, Бишкек шаарындагы № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана борбор калаанын Свердлов районунун социалдык коргоо системасынын мисалында, медицина жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрүн санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

№ 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Анара Шакеева мекемеде электрондук кезекке туруу системасы жана бейтаптардын электрондук амбулатордук картасы ишке киргизилгендигин маалымдады.

Бул чаралар дарыгерлердин кабыл алуусуна алдын ала жазылууну пландаштырган жарандарга өз убактысын үнөмдөөгө, коридорлордогу жандуу кезекке турууну кыйла кыскартууга, дарыгерлерге болгон жүктөмдү бирдей бөлүштүрүүгө жана ошондой эле бейтаптын макулдугу менен саламаттыкты сактоонун башка уюмдарындагы адистерине медициналык маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыздоого мүмкүндүк берди.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов борбор калаадагы бардык 19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дарыгерге электрондук жазылуу киргизилгендигин жана медициналык кызматкерлерге бейтаптардын карталарын онлайн режиминде толтуруу боюнча окутуулар аяктагандыгын маалымдады.

Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү мындан ары да мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин белгиледи.

«Санариптештирүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр биринчи кезекте билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө байкалууда. Бул иш бардык аймактарда улантылат», — деп белгиледи Президент жана бейтаптарга өтө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына канааттануусун билдирди.

Жарандардын бийликке болгон нааразычылыгы көпчүлүк учурда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатынын төмөндүгүнөн, ашыкча бюрократиядан улам келип чыкканына токтолду.

Санариптештирүү адамдык факторду жокко чыгарып, мамлекеттик түзүмдөрдө калкка кызмат көрсөтүүдөгү коррупцияны кыскартып, каражаттардын көмүскө айлануусун жоё турганын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигинин санариптештирүү жаатында жасап жаткан аракетине ыраазы болуп, күжүрмөн эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирип, медициналык мекеменин ишин мындан ары да өркүндөтүүгө чакырды.

Ушул эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн борбор калаасынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясындагы социалдык коргоо системасындагы санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында экинчи жыл катары менен ишке ашырылууда.

Количество просмотров: 43