• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков шайлоо босогосун 7%га түшүрүү тууралуу мыйзамга кол койду 

30 Кулжа 2020 21:14 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине өтүүсү үчүн 9% шайлоо тосмосун 7%га түшүрүү максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган конституциялык мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 2- жана 3-бѳлүктѳрүнѳ тиешелүү ѳзгѳртүү киргизилген.

Конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Кошумчалай кетсек, шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар.

Количество просмотров: 156