• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жээнбеков: “Түндүк-түштүк” деген түшүнүктү көңүлдөн гана эмес, көкүрөктөн, жүрөктөн жууп ташташ керек

31 Баш оона 2019 11:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.08.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эгемендик күнүн белгилөө аземинде эл алдына чыгып сөз сүйлөп, түндүк-түштүк маселеси тууралуу пикирин айтты.

«Коомдон ынтымак кетсе, журт бөлүнсө — бир кезде гүлдөп өнүккөн мамлекеттер чачырап, эли азып-тозуп, качкын болуп, ата-бабаларынан калган мурасын сактай албай, урпактардын убалына калып жатканын дүйнө тарыхынан көрүп жатабыз.

Ошондуктан, улуттук биримдигибизди, ынтымагыбызды бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Биз дүйнө атаандаштыгына туруштук берип, бир эл, бир журт болуп, урпактарга өнүккөн өлкөнү калтырууга милдеттүүбүз.

Ал үчүн “түндүк-түштүк” деген түшүнүктү  көңүлдөн гана эмес, көкүрөктөн, жүрөктөн жууп таштап, келечекти көздөй сапар алуубуз зарыл.

Залкар замандашыбыз Чынгыз Айтматов айткандай, түндүк менен түштүгүбүз – куштун эки канатындай.

Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз.

Кыргыз элинин жоопкерчилиги — өз  айланасына өлкөдө жашап жаткан баардык улуттарды баш коштуруп, жалпы элдин биримдигин сактоо.

 Тарыхтын татаал жолунда эчен сыноолордон өткөн элдин урпактары экенибизди, кылым карыткан улуу тарыхка ээ экенибизди көкүрөктө бекем кармайлы.

Улуттук көрөңгөнү, намысты, абийирди, кадырды бийик туталы»,-деди Жээнбеков.

Количество просмотров: 165