• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: Өзгөчө абал алынды деп талаптарды жеңилдетүүгө эрте

4 Кулжа 2020 17:34 Бишкек Govori.TV


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон онлайн жыйын учурунда аймактарда коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын айтты.

Мамлекет башчысы «өзгөчө абал алынды» деп, бошоңдоп, талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин белгиледи.

«Кыймыл-аракетке, ишкердикке болгон катуу чектөөлөр алынганы менен, санитардык талаптарга байланыштуу чектөөлөр алынган жок. Ар кандай маалымат тараткандар бар. Эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Силерден жергиликтүү эл менен тыгыз иштөө талап кылынат», — деди Жээнбеков.

Ал жеке коргонуу каражаттарын сөзсүз колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, ишканаларды дезинфекциялоо талаптарынын катуу сакталышы мэрлерге жана облус жетекчилерине жүктөлгөндүгүн эске салып, сырттан кайтып келген жана колдоого муктаж мекендештердин маселесине көңүл бурду.

«Обсервацияларга жайгаштыруу, карантиндин шарттарын сактоону уюштуруу, аларды иш менен камсыздоо жана колдоо багытында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Аларга туруктуу жумуш орундарын түзүү — жергиликтүү бийликтин милдети. Ошондуктан ар бир жетекчи облустун аймагындагы ири өндүрүш ишканаларынын туруктуу иштөөсүн жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүсүн көзөмөлгө алышы абзел», — деди сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 96