• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Матраимовдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

24 Тогуздун айы 202414:24 Бишкек Govori.TV

Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Матраимов 26-декабрга чейин СИЗОдо болот.

Сот УКМКнын Мамлекеттик тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узарткан.

Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Сот анын бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн узартып келе жатат.

Количество просмотров: 207