• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбековдун Кара-Кулжадагы үйүнүн сүрөттөрү жарыяланды

16 Тогуздун айы 2020 15:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-октябрда расмий түрдө кызматын тапшырып кеткен президент Сооронбай Жээнбековду Кара-Кулжадагы үйүнүн сүрөтү жарыяланды.

Сүрөттү тарыхчы Кыяс Молдокасымов социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөдү.

«Ажонун айылдагы жай жашоосу башталат. Бул үй бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара-Кулжадагы үйү. Туура үч жылдан бери бул үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Өз өлкөсүнөн өңгө жакка качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөй калганы үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр. Айта турган, жаза турган көп сөз бар эле, ансыз да жаны ачып турган ажонун жарасына түз сеппейин, жай турмушта айтайын деп токтоттум. Бул сүрөттү туура 50 күн мурда короолош жашаган эң кенже карындашым менен күйөө баламдын үйүнө барганда тартып алдым эле. Эмнегедир бүгүн бөлүшкүм келди. Болгону эң кайгырганым айрымдардай «жакын кудалык» мамилемдин да пайдасы тийбей 3000 жылдык карт тарыхыбызды изилдөөгө бир жылдан бери бир тыйын бөлдүртө албай үзгүлтүккө учураганы болду», — деп жазган Молдокасымов.

Количество просмотров: 1899