• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Жээнбековдун портрети менен ойногон мэриянын кызматкерлери кечирим сурашты

16 Теке 20199:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойногон Бишкек мэриянын кызматкерлери жумуштан алынат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Айта кетсек, социалдык түйүндөрдө Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео жарык көргөн. Анда кызматкерлер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин «Чык эшикке» деп сыртка кууп чыккан сөзүн кайталап айтышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=J78oIrHL8i4&fbclid=IwAR03JGpxiqejjJ15nwGNq7bK0OOA3bmMzMpofXauGyPYgRM4koYum0cGExs

Ал эми бул видеодон кийин, вице-мэр Алмаз Бакетаев вице- мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана «Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар» муниципалдык ишканасынын жетекчисине аталган кызматкерлерге чара көрүү керектигин айткан.

Мындан көп өтпөй Бишкек мэриясынын маалымат кызматы эки кызматкер кечирим сурап жаткан видеону жарыялады.

Количество просмотров: 34