Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Анда депутат Жээнчороев бүгүнкү коом бул мыйзамга эмес, кошоматчыларды жоюуга муктаж экенин айтты.
«Бүгүнкү коом бул мыйзамга эмес, кошоматчыларды жоюуга муктаж. Жогору жактагы кошоматчылык менен байып, көмүр жана кендерди жыйнагандардан арылмайын эч качан демократия орнобойт. Ошондуктан келе жаткан шайлоодо аларды шайлабоого мүмкүнчүлүк бар. Ошондо адилетүү, эркин мамлекетти тузсө болот», — дейт Мирлан Жээнчороев.