• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жээнчороев: Өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетиши керек

26 Жетинин айы 2019 19:02 Бишкек Govori.TV

Мирлан Жеенчороев контрабандалык жосундардан улам Кыргызстан менен Казакстандагы күйүүчү майдын баасындагы айырма дагы эле 10 сом бойдон калып жатканын эске салып, өкмөт башчы бул маселени эки жылдан бери чече албай келатканын айтты.

“Казакстандагы күйүүчү майдын баасындагы айырма дагы эле 10 сом бойдон калып жатат. Өкмөт башчы бул маселени эки жылдан бери чече алган жок. Бул көйгөй эки тараптуу келишим түзүлмөйүнчө бир жактуу чечилиши кыйын. Эгерде Өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетиши керек»,-деди депутат.

Количество просмотров: 329