• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнчороев: «Кумтөр» боюнча маселе элдин кызыкчылыгына чечилиш керек

17 Бугу 2021 17:32 Бишкек Govori.TV

Кумтөр боюнча маселе элдин кызыкчылыгына чечилиш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.

«Мамлекеттик комиссиялар көп түзүлгөн. Бирок баардыгы ошол убакта мамлекетти башкарган жетекчилердин эркине жараша чечилген. Сүйлөшүүгө барып, Кыргызстандын кызыкчылыгы корголобу же өлкөнүн кызыкчылыгы дагы бир жолу сатылабы деген маселе болуп калышы мүмкүн. «Кумтөрдү» иликтеген мамлекеттик комиссия орчундуу маселелерди козгоп алып келди. Мен ойлойм, дыкат карап элдин кызыкчылыгына чечиш керек»,-деди Жээнчороев.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет.

Количество просмотров: 104