• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кыргыздын эл уулун мазактап». Депутат Көкүлов жол сакчыларына нааразы болду

4 Жалган куран 202615:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жалпы жыйын учурунда сөз алып, жол кайгуулчулардын эреже бузган айдоочуларга чара көргөнүн тасмага тартып, социалдык тармактарга жайылтканын сынга алды жана мындай мамилеге өзү да туш болгонун айтты.

Депутат анын үйүнө барып, төрт саат мурунку эреже бузуу үчүн айып жазмак болгон кызматкерлер Баш мыйзамда жазылган жеке жашоонун купуялыгы жана депутаттык кол тийбестик тууралуу талапты бузганын белгиледи.

Эске салсак. буга чеийн социалдык тармактарда Көкүловго эреже бузганы үчүн жол коопсуздук кызматкерлери протокол түзгөнү тууралуу видео тараган.

Количество просмотров: 210