Жеке ишкер Урмат Барыктабасов коронавируска байланыштуу Балыкчыдагы Алия мейманканасын оорукана катары пайдаланганга бергенге даяр. Бул тууралуу ал фейсбуктагы оздүк баракчасына жазды.
«Урматтуу премьер-министр! Түзлгөн кырдаал оор болуп турат. Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо, Балыкчыдагы Алия мейманканасын пайдаланганга бергенге даярмын. 45 оорулу адам жаткырса болот. Бүт шарты бар, ыссык суу, муздак суу жана башка» , — деп жазды жеке ишкер Барыктабасов.
Ошондой эле ал мамлекет оор кырдалда турганда мейманкананы пайдаланууга бекер бере турганын жазган.
Кошумчалай кетсек, 16-мартка карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлар катталган жок.