Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков майып болуп төрөлгөн балдарга жылына мамлекет тарабынан канча каражат бөлүнө турганына кызыкты. Депутаттын суроосуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова майып балдарга айына 8 миң жөлөк пул жана эгер персоналдык жардамчынын көмөгүнө муктаж болсо, анын энесине 7681 сом бериле турганын айтты.
Ал эми депутат оору менен күрөшкөндүн ордуна анын алдын алган оңой экендигин белгилеп, өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы Германияда ракка карата жылына 1 же 2 жолу мамлекет уюштурган милдеттүү текшерүү бар экенин, текшерүүгө катышпаган адамдарга айып пул салына турганын билдирди.
«Эмнеге биз ушундай иш-чараларга өтпөйбүз? Акчасынан тышкары аларга мамлекет канчалаган дары-дармекти алып берет? Президенттин программасында бар экен, мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында ушундай программаны иштеп чыгуу. Көп акча үнөмдөлмөк, калк да саламат болот эле. Мындан уялбаш керек. Анткени майып бала төрөлгөндө мамлекетке дагы, ата-энесине дагы, баарына азап», — дейт депутат.