Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча тергөө аяктап, сотко өттү. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Журналист Канышай Мамыркулова боюнча тергөө иштери аяктап, иш сотко өттү. Канышай Мамыркулованын соту Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда май майрамдарынан кийин каралат», — деп жазды ал.
Эске салсак, Канышай Мамыркулованы Свердлов райондук соту 19-майга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. Милиция аны «массалык башаламандыкка чакырыкка» жана «улут аралык кастыкка» айыптап жатат.