• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Сынбайбыз», «Сыз жерге камап жатышат». Кемпир-Абад боюнча айыпталгандардын соту өттү

5 Аяк оона 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук өттү.

Отурумга абактагы саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, жана саясат талдоочу Айданбек Акматовдор жеткирилди.

Айыпталуучулардын бири Эрлан Бекчоро уулу процесске келбегендиктен кийинки соттук жараян 13-сентябрга белгиленди.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Количество просмотров: 669