Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 12 млн. 450 миң сомдук жер тилке кайрадан муниципалдык менчиктин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Текшерүүдө, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан баасы 12 млн 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэрия тарабынан 2007-жылы Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
«Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүүнү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алды»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.