Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жетекчилиги жана Байкоочу кеңеш 2018-жылы аткарылган иштер боюнча отчет берип жатышат. Жыйында КТРКнын башчысы Үсөн Жайнак уулу, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана төрагасы Жыпар Жекшеев бар.
Анда ЖК депутаты Бахадыр Сулейманов сөз сүйлөп Байкоочу кеңештин төрагасына КТРК коомдук каналбы же мамлекеттикпи деген суроо узатып жана ошондой эле Байкоочу кеңештин төрагасы катары кандай корүнүктүү реформаларды кылганы тууралуу сөз козгоду.
«Коомдук статусу бар мамлекеттик ишканабыз»,-деп жооп берген Жыпар Жекшеев реформа кылууга колдору кыска экенин айтты.
Ага эл өкүлү мамлекеттик болбой коюга силердин каалоңор гана керек деген пикирин билдирип, бул маселенин үстүндө ойлонууну айтты.