• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жекшенкулов: Элчилик туристтик агенттик эмес

14 Бирдин айы 2018 15:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.02.2018.Govori.TV
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министрлиги менен Түштүк Кореядагы элчинин алым-сабагы боюнча пикирин билдирди.
«Түшүнүксүз көп нерсе бар. Эки тарап тең адилеттүүлүк мен тарапта дегендей кылып атпайбы. Мындан улам бул маселени чиновниктерден турбаган комиссия иликтеш керек. Комиссияга коомдук ишмерлер, мурдагы дипломаттар кириш керек»,-дейт мурдагы тышкы иштер министри.
Мурдагы тышкы иштер министри элчилерди тандоодо да одоно каталар кетип жаткандыгын айтат.

Эске салсак, Кыргызстандын Түштү Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ТИМ мыйзамсыз буйрук берип, атайын расмий делегация эмес, жеке сапары менен келе жаткан адамдарды да тосуп алууга мажбурлап жатканын айтып, мыйзамсыз буйрукту аткарбасын жазып чыккан.
ТИМ элчи ката кетирди деп комментарий берген. Сөз болуп жаткан окуя Тышкы иштер министрлигинин департаменти Түштүк Кореядагы элчиге жакында бара турчу офицерлерди тосуп алуусун буйруган кат боюнча чыккан.

 

Количество просмотров: 32