Куралсыздануу боюнча Женева конференциясына катышкан Батыш өлкөлөрдүн бир катар делегациялары Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөө учурунда бойкоттун белгиси катары залдан чыгып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
«Дипломаттар Лавровдун алдын ала жазылып алынган сөзүнүн башталышы менен залдан чыгып кетишти», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Сергей Лавровдун Женевага БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясына жана куралсыздануу боюнча конференциясына бара албай калганы белгилүү болгон. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги муну Европа өлкөлөрүнүн орус учактары үчүн аба мейкиндигин жаап салганы менен байланыштырды.