• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жергиликтүү кеңештин депутаттары сентябрь айында таркатылат

21 Баш оона 202423:30 Бишкек Govori.TV

Административдик аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттары сентябрь айында тарашы күтүлүүдө. Жер-жерлерде кайрадан шайлоо 17-ноябрга белгилениши мүмкүн.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 20-августунда «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктин чөлкөмүнүн чегинде айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарыяланды.

Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин (расмий жарыяланган убактан 10 күн өткөндөн кийин) административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер жоюуга дуушар болушат.

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөт. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат.

“Административдик аймактык реформа боюнча мыйзамда шаарларды ирилештирүү жана айыл аймактарын бириктирүү каралган. Мындай өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 484 административдик аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү. Административдик аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү, ошондой эле администрациялык аймактык түзүлүштү жалпы өзгөртүү жергиликтүү кеңештерди таратууга жана жаңы шайлоону дайындоого негиз болуп саналат”, — деп жазылган маалыматта.

Административдик ймактык реформа боюнча жаңы кабыл алынган мыйзам 2-августтан тарта күчүнө кирген.

Количество просмотров: 194