• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Жергиликтүү шайлоолордун үгүт иштери боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды

19 Бештин айы 202411:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоолор боюнча социалдык тармактарга мониторинг жасоо боюнча кеңеш өз ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды.

КР Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого даярдык учурунда партиялар, социалдык тармактар менен кандай иштешкендигин айтып берди.

Анын айтымында социалдык тармактар менен олуттуу иштешкен талапкерлер жана партиялар акыры шайланып келишкен. Социалдык тармактардын администрациясы да партиялардын үгүт иштерине байкоо жүргүзүп, мыйзамды, этиканы бузган учурларды дыкат көзөмөлдөп турган.

Ал эми мониторинг жүргүзүү боюнча кеңештин мүчөсү Элмира Токтогулованын айтымында, үгүт учурунда негизги мыйзам бузуулар дискриминация, талапкерлердин жашы жана жынысына байланыштуу болгон.

Мониторингдин аягында жалпы мамлекеттик масштабда медиа сабаттуулук зарыл экендиги, келечекте жасалма акыл сыяктуу акыркы технологияларды колдонуу тууралуу айтылды.

Количество просмотров: 84