• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жергиликтүү сотторго судьялар дайындалды (тизме)

25 Чын куран 2020 15:18 Бишкек Govori.TV

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча — Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторуна 19 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

2020-жылдын 17-апрелинде Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди. Мамлекет башчысы 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Жарлыктар чыгарылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Биринчи Жарлык менен тандалып алынган 16 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар төмөнкү райондор аралык сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

— Чүй облусуна:

Асанов Эрлан Джекшенбекович;

Курманов Ашырбек Такишович;

Осмонова Шааркүл Келдибековна;

Султаналиев Нурлан Туруспекович;

— Ош облусуна:

Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;

— Ысык-Көл облусуна:

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;

Тагаев Мелис Муктарович;

— Баткен облусуна:

Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;

Туленбаев Таирбек Абдумаликович;

— Талас облусуна:

Ибраимов Темирбек Маданбекович;

Нартаев Нурман Канатбекович;

— Нарын облусуна:

Чагалдакова Махабат Бекболотовна;

— Бишкек шаарына:

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич;

Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;

Эгембердиева Анар Раимжановна;

Эшалиев Азис Маратович.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 689