• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жетекчиси тарабынан сексуалдык ыдыкка кабылган кызматкер агынан жарылды

18 Тогуздун айы 2019 14:41 Бишкек Govori.TV

Буга чейин «Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери мекеменин жетекчиси ага бир нече ирет төшөк мамилесин сунуштап жатканын айтып, социалдык түйүндөргө экөөнүн сүйлөшкөн аудио жаздыруусун жана видеосун жүктөгөн.

Андан көп узабай, аталган мекеменин директору Жаныбек Дүйшеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын Vesti.kg сайты жазган.

Бул окуя ишкананын ичинде эле эмес, бүткүл Кыргызстанга жайылып кетти. Юридикалык баа берилгичекти мен убактылуу кызмат ордумдан кетип жатам. Жооп азырынча ала элекмин,-деп билдирген Дүйшеев.

Ошол эле учурда мамлекеттик ишкананын жамааты кызматтан кеткен аялдардын сөздөрүн четке каккан билдирүү жазышкан. Буга байланыштуу жетекчиси тарабынан сексуалдык ыдыкка кабылган кызматкер окуянын чоо-жайын айтып берди.


Количество просмотров: 549