• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төрөт үйүндө каза болгон келиндин окуясы тергелүүдө

12 Аяк оона 202411:45 Бишкек Govori.TV

Милиция төрөт учурундагы 24 жаштагы келиндин өлүмүнүн себептерин иликтеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

7-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык оорукананын реанимациясында 1999-жылы туулган А.Анын каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

«Такталгандай, келин ошол күнү саат 08:20 чамасында оорукананын төрөт бөлүмүнө түшүп, саат 15:40та эркек бала төрөгөн. Бирок саат 17:45 чамасында келиндин абалы оорлошуп, реанимацияга которулуп, саат 21:45те каза болгон. Материалдын негизинде бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, оорукананын кызматкерлери менен бирге тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги алдын ала кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 189