• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жетелеме Жогорку Кеңеш… «Чемпион» депутат…

1 Бирдин айы 2019 13:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV

Өткөн жуманын дем алыш күндөрү Токмокто кыргыз-казак чек арасында атышуу болгон.  Буга Жогорку Кеңештин чемпион депутаты Урмат Самаевдин, окуяга тиешеси бар экенин андагы катышуучулар тарабынан айтылган.  

«Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү депутат Урмат Самаев бул аткезчилик жол менен товар алып өтүүгө байланышкан окуя тууралуу үн катып, ал чырга тиешеси жок экенин билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы дагы, Самаевди суракка алганын жана ал окуяга тиешеси жок экенин айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 30-январында КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсүн дайындоо үчүн парламент дээрлик бир күндүк жумуш убактысын коротту. Жогорку Кеңештин түшкү танаписке чейинки жыйынында аталган кеңештин мүчөлүгүнө талапкер Чынар Капарова эң көп добуш алып, утуп чыккан.

А бирок, көрсөтүлүп жаткан 5 талапкердин бирөөсү келбей калганына байланыштуу ага добуш берилген эмес. Бул үчүн эл өкүлдөрү вице-спикер Аида Касымалиевага регламент сакталбай жаткандыгына нааразы болуп, токтомду жокко чыгарууну сунушташты. 

Ушул жерден жада калса ушул кымындай кызматка дагы депутаттарга ушул талапкерди колдойсуңар деген көрсөтмө келгенин айта кетели. Бул тууралуу эл өкүлү Жанар Акаев дагы эскертип өттү.С

Жыйындын жүрүшү бир катар талаш пикир менен коштолуп, анын биринчи бөлүгүндө утуп чыккан Чынар Капарова кийинки добуш берүүдө өтпөй калып сотко кайрылса, парламентти утуп чыгаарын депутат Рыскелди Момбеков айтты.

Ал арада жыйынга Асылбек Жээнбеков кошулуп, өз пикирин айтты. С

Ошентип комитеттин чечими менен жабык электрондук түрдө Байкоочу кеңештин мүчөсүн шайлоого өтүштү. Жыйынтыгында КТРКнын Байкоочулар Кеңешине талапкер Чынар Капарованын 79 добушу жокко чыгарылып, 77 добуш менен Атыргүл Сарыбаеваны шайлашты.

Кызыктын баары шайлоодон кийин башталды. Чынар Капарова мындай жыйынтык болоорун алдын-ала эле билгендигин айтты. С

Мындай жыйынтыктан кийин коомчулукта Жогорку Кеңешти күн карама деп сындай баштады. Бул тууралуу эл өкүлдөрү өз пикирлерин билдиришти. Депутат Курманкул Зулушев ага карата эч кандай басым болбогонун жана талапкерлердин бирин да шайлабаганын айтты.

Депутат Дастан Бекешев эч кандай пикирин өзгөртпөгөнүн башында кимге добуш берсе, аягында да ошол кишини колдогонун билдирди.

Ал эми Чыныбай Турсунбеков мындай жагдай ар дайым эле болуп келгенин моюндап, дүйнөлүк практикада дагы бар экенин, мындан кийин да улана бериши закон ченемдүү көрүнүш болоорун айтты. С

Количество просмотров: 36