• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү

6 Тогуздун айы 202315:28 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүздө эмерек цехи жана эки дүкөндөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы ири өрттү өчүрүүдө 5 бөлүм иштеп, саат 12:00дө толугу менен өчүрүлдү.

2 соода түйүнү жана эмерек жасоочу жайы күйүп, болжол менен тилсиз жоо 1900 м² аянтты кучагына алган.

Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 147