Жети-Өгүз районунун тургунун үйүнөн 6 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга Жети-Өгүз районунун тургуну баңгизат даярдап, сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
«Иштин жүрүшүндө маалымат тастыкталып, Кызыл-Суу айылында 1979-жылы туулган К.М. аттуу адам баңгизат менен алектенери белгилүү болгон. Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон иштин алкагында К.М.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда кызматтык ит үйдүн чатырынан 4 кг 212 гр «марихуана», 2 кг 90 гр «гашиш» табылган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.