• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жети-Өгүздө жапайы жаныбардын кол салуусунан кой-эчкилер өлдү

17 Кулжа 202514:32 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунун Чым-Там жайлоосунда 332 баш кой-эчки белгисиз жапайы жаныбардын кол салуусунан өлгөн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, малдын өлүгү ветеринардык-санитардык талапка ылайык көмүлүп, жок кылынды.

«Бул иш-чара жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана калган тирүү малдын коопсуздугун камсыздоо максатында Ветеринардык кызматтын Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын адистеринин көзөмөлү астында, бардык санитардык нормаларды сактоо менен кылдат жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чым-Там жайлоосу Барскоон айылынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Количество просмотров: 251