• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Жети-Өгүздө жер титиреди

15 Бугу 202318:19 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жер силкинди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 14:00дө өлкө аймагында, очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 168