• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жетигеновдун тарапташтарына чыккан Ташиев өзүн видеого тарттырбай койду

22 Бештин айы 202118:46 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында депутат Бактыбек Жетигеновдун чогулган тарапташтарына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугууга чыккан.

Анда жарандык активист Адилет Балтабайга Ташиевди видео тартууга тыюу салган. Бул боюнча ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасында кабарлаган.

Анын айтымында, Бакыт Жетигенов боюнча Ташиевдин пикирин сурайын деген, Ташиев “Жеке пиар кылганды укпагыла, баары жакшы болот” деп, телефонду өчүрүүнү айткан. Аңгыча жанынан бирөө келип, видео тарттырбай, телефон аппаратын алууга аракет жасаган.

Количество просмотров: 1865