21-апрелден тарта Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (батыш тарабы) унаа кыймылы үчүн жабылат.
Белгилей кетсек, кесилиштер унаалар үчүн ачык болот. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Мындан тышкары, бүгүнтөн тарта Жибек Жолу проспектисинин Буденный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүк тарабы) да унаа кыймылы үчүн жабылат. Түндүк тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.