• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жибек-Жолу проспектисинин эки бөлүгү жабылат

18 Аяк оона 202415:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, 18- сентябрда, Жибек-Жолу проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Мындан тышкары, Жибек-Жолу проспектисинин Аламүдүн суусунун күн чыгыш тарабынан тарта Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат.

Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.

Количество просмотров: 69