• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбеков Кореядагы элчинин жана ТИМдин билдирүүлөрүндө айтылган кырдаалды изилдөө боюнча тапшырма берди

27 Аяк оона 2018 15:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.09.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин билдирүүлөрүндө жана Элчини бир катар себептер менен, анын ичинде ал тараптан кеткен катачылыктарга байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону тапшырды.
Элчинин, кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, Президент Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөөнү обьективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар Мамлекет башчысына берилет.
Количество просмотров: 33