Бишкек.12.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 12-декабрь Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Жээнбеков мааракеде сүйлөп жатып, Манас жана Айтматов академиясын түзүү демигесин колдой турган айтты.
Мындан сырткары ал Чыңгыз Айтматовдун элеси түбөлүк кыргыз эли менен экенин белгилеп, Айтматовдун
элесине болгон урмат–сый быйылкы жыл менен эле бүтпөйт деген пикирин кошумчалады.
«Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы — бул улуттук духтун майрамы, бул эркин ойдун майрамы, бул таза ыймандын жана абийирдин майрамы. Ушул Ыйык майрамыбыз кут болсун!
Чыңгыз Төрөкуловичтин элесине болгон урмат–сый быйылкы жыл менен эле бүтпөйт. Жыл сайын уланып турат.
Ала-Тоонун ак кар, көк муз баскан чокулары турганда, көкүрөгүбүздө кыргыз руху турганда, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет! Чыңгыз Төрөкуловичтин элеси өчпөйт! Түбөлүк таазим Сизге, элимдин улуу залкары!»,-деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн.
Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган